БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Жалал-Абаддын Токтогул районунда томолой жетим бала менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамга 900 чарчы метрден жер тилкелери берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Сүйөркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылынын жашоочусу Р.К. Арал айылындагы муниципалдык 1 800 чарчы метр (0,18 га) жер аянтын мыйзамсыз тосуп алып, пайдаланып жүргөн.
Бул мыйзам бузуу боюнча прокурордук чара көрүү иштери жүрүп, жер тилкеси айыл өкмөттүн балансына алынган. Ошондой эле көзөмөл органы ата-энеси жок балага жана майып жаранга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө талап кылып, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилген.