Парламент Салык кодексинин жаңы редакциясын жактырды

Добуш берүүгө коюлганда 83 депутат макул болуп, экөө каршы чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Салык кодексинин жаңы редакциясын үчүнчү окууда жактырды.
Добуш берүүгө коюлганда 83 депутат макул болуп, экөө каршы чыкты.
Аталган кодекс президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. Буга чейин 2022-жылдын 1-январынан тарта колдонууга чыгаруу сунушталган болчу.
Жаңы редакциядагы Салык кодексинин долбоорун министрлер кабинети иштеп чыккан.
Кыргызстандын Салык кодекси алгач 1996-жылы кабыл алынган, кийин 2008-жылы толугу менен өзгөртүлгөн. Ушуну менен үчүнчү ирет жаңыланып жатат. Салык тармагын тескеген документтин долбоору 449 беренеден турат, бул учурдагы кодекстен 46 беренеге көп.
Министрлер кабинети жаңы салыктык нормаларды колдонуунун натыйжасында бир жылда бюджетке кошумча 50 миллиард сом түшүрүүнү көздөп жатат. Sputnik Кыргызстан агенттиги жаңы кодексте сунушталган маанилүү нормаларды тизмектеди.
Пресс-борбор
Министр: Бажы жана Салык кызматтарындагы "сол чөнтөк" жок кылынды