Фергана облусунун акими арыктагандарга акы төлөөнү сунуштады

Дени сак жашоо образын пропаганда кылып, ашыкча салмактагы адамдарды шыктандыруу үчүн Фергана облусунда атайын система ишке кирери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров бир килограмм салмак таштаган сайын 500 миң сумдан (3 900 сом) берүү сунушу менен элге кайрылды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.
Билдирмеге караганда, аткаминер муну менен семирип кетүү оорусу жана туура эмес жашоо образы менен күрөшүүнү көздөөдө.
Акимдин ою боюнча сунушталган механизм калкты арыктоого жана туура тамактанууга шыктандырат.
"Дени сак жашоо образын карманбаганыбыз үчүн ооругандардын саны өсүп жатат. Маселен, кант диабети менен ооруган 32 миң адамдын ичинен эки миңи гана тукум куугандыктан аталган дартка кабылган. Калган 30 миң бейтап семирип, туура эмес тамактануу жана отуруп иштегенден илдет илештирген", — деген аким.
Дени сак жашоо образын пропаганда кылып, ашыкча салмактагы адамдарды шыктандыруу үчүн Фергана облусунда атайын система ишке кирери айтылды.

Система кандай иштейт?

Ашыкча салмак менен жабыркаган адам үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна барып таразага түшүп, салмагын текшертет. Жарым жылдан кийин кайра таразага түшөт. Таштаган ар бир килограмм үчүн бейтапка 500 000 сум (3 900 сом) төлөнөт.
Эндокринолог: фаст-фуддун кесепетинен жаштар да кант диабетине чалдыгууда