Оор атлетчилер Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгеси үчүн ат салышат

Турнирге Борбор Азия мамлекеттеринен жана Европадан спортчулар катышары күтүлүүдө. Мелдеш эркектер жана кыз-келиндер арасында 10 салмак категориясында өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкекте Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгеси коюлган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Москва Олимпиадасынын жеңүүчүсү, төрт жолку дүйнө, эки жолку Европа чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Осмоналиевдин ысымындагы турнир 24-26-декабрь күндөрү баш калаадагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт.
"Эл аралык мелдешке Нидерланддар, Өзбекстан, Казакстан, ошондой эле облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын курама командалары катышат", — деп айтылат маалыматта.
Таймаштар эркектер арасында: 55, 61, 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109 жана андан оор салмакта, ал эми кыз-келиндер бөлүгүндө 45, 49, 55, 59, 64, 71, 76, 81, 87 жана андан оор салмактагы спортчулар арасында жүрөт.
Турнирде жеңүүчүлөргө жана байгелүү орунду камсыздаган темир билек балбандарга медаль, диплом жана баалуу белектер берилери айтылды.
Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт