Лейлекте тажик чек арачылары ок чыгарып, кыргызстандык айдоочу жаракат алды

Учурда Кыргызстандын Лейлек району менен Тажикстандын Ганчинский районунун чек ара өкүлдөрү жолугушуу өткөрүп жатканы кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Баткендин Лейлек районунда тажик чек арачылары ок чыгарып, кыргыз жараны жаракат алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Баткендин Лейлек районунда тажик чек арачылары ок чыгарып, кыргыз жараны жаракат алды
Окуянын видеосу Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram каналына жарыяланды.
Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя бүгүн, 22-декабрда, болгон.
Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя бүгүн, 22-декабрда, болгон
"Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз жараны Лейлек районунун Максат — Жаштык жолунда КамАЗ үлгүсүндөгү унаа менен кетип бара жаткан. Жол кыргыз-тажик чек арасын бойлой жайгашкан. Айдоочу арыктан суу алуу үчүн токтогон маалда анын жанына Тажикстандын үч чек арачысы келип, унаага отуруп, андан Тажикстандын аймагына өткөрүүнү талап кылышкан. Айдоочу жолун үчөө менен улантып бара жатып башка автоунаанын жолун тосуп, кыйкырганга жетишкен. Чек арачылар КамАЗдан түшүп, айдоочу андан ары жолун улап кеткен. Бирок тажик чек арачылары автоунааны үч ирет атышкан. Ок чыгаруудан айнектер сынып, ал сыныктардан айдоочу жаракат алган", — деп жазылат билдирмеде.
Учурда Кыргызстандын Лейлек району менен Тажикстандын Ганчинский районунун чек ара өкүлдөрү жолугушуу өткөрүп жатканы кошумчаланды.
Окуяны териштирүү үчүн жеринде УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын начальниги Кыялбек Төлөнбаев иштеп жатат. Чек ара кызматы кырдаалга көз салып турары айтылды.
Моджахеддер башын үч автоунаага баалаган чалгынчы Кубатов. Кызыктуу маек