Фотограф Андрей Стенин атындагы сынакка эмгектер кабыл алына баштады

Сынактын алдыңкы үч жеңүүчүсүнө 125, 100 жана 75 миң рубль берилет. Ал эми Стенин атындагы сынактын баш байге ээсине — Гран-приге татыган фотографка 700 миң рубль ыйгарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Москвада фотокабарчылардын эл аралык сегизинчи сынагына эмгектерди кабыл алуу башталды.
Сынак Донецк шаарына жакын жерге өзүнүн кесиптик милдетин аткаруу үчүн барып көз жумган "Россия сегодня" агенттигинин атайын фотокабарчысы Андрей Стениндин атын алып жүрөт. Салтка айлангандай фотографтардын жарышы жыл сайын Стениндин туулган күнүндө — 22-декабрда старт алат.
Дүйнөнүн чар тарабындагы 18ден 33 жашка чейинки катышуучулар арызын stenincontest.ru сайтында орус, англис жана кытай тилинде толтурса болот. 2022-жылы да сынакка "Башкы жаңылыктар", "Спорт", "Менин планетам" жана "Портрет" номинациялары боюнча ат салыша алышат. "Биздин замандын каарманы" деп аталган төрт номинациясында жеңүүчүлөр эки категория менен аныкталат. Арыздар 28-февралга чейин кабыл алынат.
Сынактын алдыңкы үч жеңүүчүсүнө 125, 100 жана 75 миң рубль берилет. Ал эми Стенин атындагы сынактын баш байге ээсине — Гран-приге татыган фотографка 700 миң рубль ыйгарылат.
Андрей Стенин атындагы фотокабарчылардын сынагынын куратору, "Россия сегодня" медиа тобунун визуалдык кызматтары боюнча долбоорлорунун жетекчиси Оксана Олейник COVID-19 инфекциясына байланыштуу чектөөлөргө карабастан сынакты өз нугунда өткөрүүгө аракеттер көрүлүп жатканын белгилеген.
Ок жааган согушту чагылдырып… Андрей Стениндин эстен кеткис сүрөттөрү
"Конкурс 2022-жылы сегизинчи ирет өткөрүлөт. Сынак көп сүрөтчүнү кесипкөйлүккө жеткирди. Уюштуруучуларды мындай нерселер абдан кубандырат. Биз жаңы катышуучуларды күтөбүз жана аларга чын жүрөктөн жеңиш каалайбыз!" — деген Олейник.
Андрей Стенин атындагы фотожурналистика боюнча эл аралык сынак былтыр россиялык жана эл аралык ири ЖМКлардын, маалымат агенттиктердин жана фотокоомчулуктардын колдоосунда өткөн. Бириккен Шанхай медиа тобу, China Daily гезитинин интернет-порталы, "Аль-Маядин ТВ" аталышындагы жалпы араб маалымат холдинги, андан сырткары дүйнөдөгү эң ири гуманитардык уюм — эл аралык Кызыл Чырым комитети бир нече номинациянын өнөктөшү болгон.
Быйыл эл аралык бир нече ЖМК өнөктөш болду: Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу, RT телеканалы жана порталы, Askanews маалымат агенттиги, Independent Media медиахолдинги, Telam маалымат агенттиги, ANA жаңылыктар сайты, Shanghai United Media Group (SUMG), China Daily гезитинин интернет порталы, The Paper интернет порталы, Al Mayadeen медиатармагы, Prensa Latina маалымат агенттиги, DBW маалымат порталы.
Стенин фотосынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды
Үйдөгү олимпиададан чегирткеге чейин. Стенин атындагы сынактан 14 мыкты сүрөт