"Эр Төштүк" эпосу англис тилине ыр түрүндө которулду

Эр Төштүк эпосундагы Дөө. Архив
Мамбаева эпостун котормосун англис тилдүү окурмандар жогору баалаганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. "Эр Төштүк" эпосу англис тилине которулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына котормонун автору, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин синхрондук котормо бөлүмүнүн доценти Салтанат Мамбаева билдирди.
Анын айтымында, эмгек декабрь айында чыккан. Бул — англис тилине которулган алгачкы кыргыз эпосу.
"Эпос ыр түрүндө которулуп, аны Шотландиянын профессору Лаура Гамильтон редакциялаган. Котормо Райкул Сарыпбеков менен Мураталы Мукасов тарабынан жаздырылып, чогултулган оригиналдын негизинде ишке ашты", — деди автор.
Мамбаева эпостун котормосун англис тилдүү окурмандар жогору баалаганын белгиледи.
Эр Төштүк чыгармасынан иллюстрация. Архив
"Эр Төштүк" чыгармасы жөнүндө жети факты. Уяттуу деп кыскартууга учураган саптары