Бейшембиге карата аба ырайы

23-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бейшемби күнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо, Нарын өрөөнүндө кар жаайт. Талас менен Ысык-Көлдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +7...+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, Нарын аймагында -1...-6 градуска төмөндөйт.
Бул күнү Бишкекти ала булут каптап, Ошто жамгыр жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +8...+10 жана Ош шаарында +13...+15 градусту көрсөтөт.
Бишкектеги орточо температура 1925-жылдан бери кандай өзгөрдү. Инфографика
Суукка кабылганда дароо ысык ичип, жуунбагыла! ӨКМдин кеңеши