Бишкектеги кампадан чыккан ири өрттөн бала бакчанын чатыры да күйгөн

Тилсиз жоодон эч ким жабыркаган эмес. Өрттүн себеби такталып жатканы кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкектеги Тимирязев көчөсүндөгү кампадан чыккан ири өрттөн жанындагы бала бакчанын чатыры да күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, кечээ, 21-декабрда, Жибек Жолу проспектиси менен Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан күйүүчү май сакталган кампа өрттөнгөн.
"Өрт кампанын жанындагы үйлөргө да өтүп, курулуш чарбанын, үйдүн жана бала бакчанын чатыры күйгөн", — деп айтылат маалыматта.
Тилсиз жоодон эч ким жабыркаган эмес. Өрттүн себеби такталып жатканы кошумчаланды.
Бишкектеги күйүүчү май сакталган кампадагы өрттүн асмандан көрүнүшү