Бишкекте пластикти кайра иштеткен завод ишке берилди. Сүрөт

Завод ачкан ишкана пластик чогултуу максатында шаар ичине 530 экологиялык урна орноткону кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Ордо калаада пластикти кайра иштеткен завод ишке берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Ордо калаада пластикти кайра иштеткен завод ишке берилди

2 / 4

Билдирмеге караганда, завод шаардын чыгыш өнөр жай зонасында жайгашып, аны "Begreen Бишкек Экология" ишканасы ачкан

3 / 4

Өндүрүш пластикти чогултуп кайра иштеткенден сырткары, синтепон сымал сапаттуу продукт чыгарууну пландоодо

4 / 4

Заводду иштете баштаган ишкана шаар ичине 530 экологиялык урна орноткону кошумчаланды

Билдирмеге караганда, завод шаардын чыгыш өнөр жай зонасында жайгашып, аны "Begreen Бишкек Экология" ишканасы ачкан.
"Өндүрүш пластикти чогултуп кайра иштеткенден сырткары, синтепон сымал сапаттуу продукт чыгарууну пландоодо", — деп айтылат маалыматта.
Заводду иштете баштаган ишкана шаар ичине 530 экологиялык урна орноткону кошумчаланды.
Жапаров мамлекеттик ишканалардын кирешеси миллиарддап өсүп жатканын айтты