Быйыл 1000дей ымыркайга Акжол, Айсулуу, Мээрим, Айпери деген ат коюлган

Балбандар 2021-жылы Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарында жана дүйнө чемпионатында чоң ийгиликтерди жаратып, эл оозунун түшкөн жок.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Быйыл 1000ден ашуун наристеге Токиодогу Олимпиада оюндарында медаль алган Акжол Махмудовдун, Айсулуу Тыныбекованын жана Мээрим Жуманазарованын аттары ыйгарылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Калкты каттоо департаментинин ЖААК автоматташтырылган маалымат системасынын маалыматына ылайык, 414 балага Акжол, 323 кызга Айсулуу, 374 ымыркайга Мээрим жана 279 наристеге Айпери аттуу ысымдар берилген.
Ошондой эле октябрда Норвегияда дүйнө чемпионаты болуп жаткан маалда 5-октябрда Бишкекте үч эм төрөлүп, ымыркайлардын ата-энеси аларга Айсулуу, Айпери, Ай-Мээрим деген ысымдарды ыйгарышкан.
Балбандар Акжол Махмудов жана Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарында күмүш алса, Мээрим Жуманазарова коло тагынган. Айпери Токиодо 5-орунду ээлеп, кийинчерээк 23 жашка чейинки спортчулардын арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон.
UWW Кыргызстандын балбан кыздарын 5 мыкты команданын катарына кошту. Видео
Быйыл Садыр жана Камчы аттуу канча бала төрөлдү