Фильм Smithsonian деп аталган илимий-популярдуу каналдын YouTube баракчасына жарыяланган.
Чапчаң, акылдуу жана сезимтал жаныбар талоонго алчудай болгон иттердин тилин таап, ал тургай жоошутуп, кийин чуркап, ойноп калганга жетишкен.
Питомникте жашаган иттер кошуна турган Хорус аттуу маймылды көргөндө чуу түшүп үрүп, ары-бери чуркашып, агрессиясы ашканын көрүүгө болот. Аларга маймыл темир тордун берки жагынан "чалгынга" барып, ары-бери секирип, "чыдамын" дагы бир ирет сынап көргөн.
"National Geographic Россия" сайты иттер көп ыдык көргөндүктөн психологиялык жактан башкача маанайда экенин, жакпаган нерсесин же шектүү бирөөнү көрсө дароо асылууга даяр экенин жазган. Мындай жагдайдан улам капыстан короого кирип кетсе, алардын маймылды тытып кетери турган иш эле. Бирок акылдуу Хорус иттерди өзүнө акырындык менен үйүр алдырып, жакындап барып жүнүн тарап, тазалап, жонунан сылап-сыйпап, чекесинин жоошута баштаган. Ишти ал Изольда аттуу картайып калган "улуусунан" баштаган. Биттери менен жабышып калган кенеден ажыратып, жанынан чыкпай, өзүнө көндүргөн.
Окуя ошентип оң жакка чечиле баштаган. Образдуу айтканда, бир нече убакыттан кийин алар кантип маймылга "баш ийгенин" аңдабай деле калгандай.
Кадрлардан кырдаал таптакыр башкача өзгөрүп, иттер мурдагы "душманы" менен питомниктин ичинде күн чубактап жатканын, топ тоголотуп ойноп да жүргөнүн көрүүгө болот.
Питомниктин ээси сезимтал Хорус муңайым болуп турган иттин маанайын сезип, алаксытып, "психологдук милдетти" да аткара баштагандыгын айтып берген.
Тема боюнча: