Бишкектеги ири өрт чектөөгө алынды, жабыркагандар жок

Маалыматка караганда, өрт саат 9:01де чектөөгө алынды. Тез жардам кызматынан кырсыктан эч ким жабыркабаганын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Бишкек шаарындагы ири өрт чыккан жерде жабыркагандар болгон жок. Бул тууралуу Ыкчам медицина борборунун башчысынын орун басары Егор Борисов Sputnik агенттигине билдирди.

"Өрт чыккан жайга бир тез жардам унаасы барган. Эч ким жабыркаган жок", — деди ал.

Ал эми ӨКМден өрт чектөөгө алынганын маалымдашты.
"Өрт саат 9:01де чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жеринде ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы иш алып барууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, бүгүн эртең менен Тимирязев көчөсү менен Жибек Жолу проспектинин кесилишинде күйүүчү май сакталган кампадан өрт чыккан. Тилсиз жоо менен беш өрт өчүрүү бөлүмү күрөштү.
Учурдагы абал менен таанышуу үчүн Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясын көрүңүз.
Бишкектеги күйүүчү май сакталган кампадагы өрттүн асмандан көрүнүшү