Патрулдук милициянын беш унаасы жолтандабасты кууп жүрүп кармады. Видео

Айдоочуга карата алты протокол түзүлүп, 31 миң сом айып салынды. Мас болуп автоунаа айдоо боюнча протокол сотко өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Патрулдук милициянын беш автоунаасы жолтандабасты Бишкекти айланта кууп жүрүп кармады.
Окуянын видеосу шаардын Патрулдук милиция кызматынын соцтармактагы баракчасына жарыяланды. Ролик GTA San Andreas компьютердик оюнундагы музыка менен коштолгон. Ошондой эле Need For Speed Most Wanted видео оюндарындагы полициянын үнү кошулган.
Маалымат кызматынан билдиргендей, 14-декабрь күнү Дэн Сяопин проспекти менен Патрис Лумумба көчөсүнүн кесилишинде Nissan Mistral үлгүсүндөгү жолтандабас жол чырактын кызыл түсүнө токтобостон өтүп кеткен. Тартип сакчылар анын артынан түшсө да токтобой койгондуктан, жардамга дагы үч патрулдук милиция тартылган.
Патрулдук милиция кызматы айдоочу жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаратканын белгиледи. Мыйзам бузган киши Жукеев-Пудовкин менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен кармалган.
"1973-жылкы Р. К. мас болгон. Ага карата алты протокол түзүлүп, 31 миң сом айып салынды. Мас болуп рулга отуруу боюнча дагы бир протокол сотко өттү", — деп айтылат маалыматта.
Айдоочунун автоунаасы айып короого токтотулду.
100 миң сомго чейин. Кыргызстанда айдоочуларга эми кандай айыптар салынат