Күйүүчү май сакталган кампа өрттөнгөн. Бишкектеги кырсыктын чоо-жайы

Кырсык болгон жерде учурда ӨКМдин өрт өчүрүүчү беш бөлүмү иштеп жатканы айтылды. Sputnik Кыргызстан агенттиги ал жерде эмне болуп жатканын тексттик баяндама менен берип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. – Sputnik. Алдын ала маалымат боюнча, Тимирязев көчөсү менен Жибек Жолу проспектинде күйүүчү май сакталган кампадан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
1 / 4

Алдын ала маалымат боюнча Тимирязев көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинде күйүүчү май сакталган кампадан өрт чыккан

2 / 4

Буга чейин аталган көчөлөрдүн кесилишинде ири өрт кырсыгы катталып, аны ӨКМдин үч бөлүмү өчүрүп жатканы айтылган

3 / 4

Андан кийин алардын саны бешке өскөнү белгилүү болду. ӨКМ кырсыктын чоо-жайы тууралуу маалымат берди

4 / 4

Алдын ала билдирме боюнча, күйүүчү май сакталган кампадан өрт чыккан

Буга чейин аталган көчөлөрдүн кесилишинде ири өрт кырсыгы катталып, аны ӨКМдин үч бөлүмү өчүрүп жатканы айтылган. Андан кийин алардын саны бешке өскөнү белгилүү болду. ӨКМ кырсыктын чоо-жайы тууралуу маалымат берди.
"Алдын ала билдирме боюнча, күйүүчү май сакталган кампадан өрт чыккан. Учурда жеринде ӨКМдин өрт өчүрүүчү беш бөлүмү иштеп жатат. Анын ичинде штаб, куткаруучулар бар", — деп айтылат маалыматта.
Окуя тууралуу кененирээк маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуй аласыздар.
"Антошкадагы" жарылуу: сот ижарачыга өкүм чыгарды