Карарган дубалдар, түтүн аралаган өрт өчүрүүчүлөр. Күйгөн кампадан 9 сүрөт

Бүгүн таң эрте Бишкек шаарынын Тимирязев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сакталган кампадан өрт чыкты. Sputnik Кыргызстан редакциясы жалын өчүрүлүп жаткан учурдун сүрөттөрүн жарыялайт.
Sputnik
Бишкектеги ири өрт менен саат 07:46дан тарта беш бригада күрөшүп, саат 9:01де чектөөгө алды. Тез жардам кызматынын маалыматы боюнча, окуя болгон жерде жабыркагандар жок.
Анткен менен бул жолкусу аталган кампадан чыккан алгачкы өрт эмес экени маалым болду. ӨКМдин өрттү алдын алуу жана өчүрүү бөлүмүнүн начальниги Урмат Сариев билдиргендей, кампа 2020-жылдын 12-февралында да өрттөнүп, жерине ӨКМдин өрт өчүрүүчү 10 бөлүмү тартылган. Жалынды толугу менен 13-февраль күнү түшкө маал гана өчүрүшкөн.
Мэриянын маалымат кызматы тилсиз жоо катталган жерге мэр Айбек Жунушалиевдин барганын билдирип, ал шаардык кызматтарды чукул жыйынга чакырганын маалымдады.
Өрт саат 10:51де толугу менен өчүрүлүп, учурда жалпы аянты, материалдык көлөмдүн зыяны жана келип чыгуу себеби такталып жатат.
1 / 9

21-декабрда эртең менен Тимирязев көчөсү менен Жибек Жолу проспектинин кесилишинде жайгашкан кампа өрттөндү

2 / 9

Жерине алгач үч, кийин дагы эки өрт өчүрүүчү бригада тартылып, жалпысынан беш бөлүм иштеди

3 / 9

Бактыга жараша, жабыр тарткандар жана каза болгондор катталган жок

4 / 9

ӨКМдин бөлүм башчысы Урмат Сариевдин айтымында, бул кампадан экинчи ирет өрт чыгууда

5 / 9

2020-жылы чыккан өрт эртеси күнү гана толугу менен өчүрүлгөн

6 / 9

Материалдык зыян жана келип чыгуу себеби такталып жатат

7 / 9

Мэрия калаа жетекчиси Айбек Жунушалиевдин шаардык кызматтарды чукул жыйынга чакырганын айтты

8 / 9

Жеринде иштеп жаткан өрт өчүрүүчүлөр

9 / 9

Өрт саат 10:51де толугу менен өчүрүлдү