БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин Россиянын "Московский комсомолец" басымасындагы маегинде Кыргызстанда ага карата иштин баары жабылгандыгына байланыштуу мекенине көчөр-көчпөсү боюнча дагы кеп козголгон.
Журналист ага "Кыргызстанга кайтасызбы же Россияда эле каласызбы?" деген суроо узаткан.
"Азырынча Россияда болом. Себеби мында менин кызыктуу ишим бар. Учурда МГУнун механикалык-математикалык факультетинде иштеп жатам. Эң мыкты окумуштуулардын арасындамын. Илимий иш үчүн лидерлердин арасында болуу маанилүү. Чыгармачылык жаатындагы ал-күчүм барда МГУдагы ишимди уланткым келет. Анын үстүнө жакында эле мага I даражадагы Ломоносов сыйлыгы да берилди", — деди Акаев.
Ал ошондой эле 16 жылдан бери иштеп келе жаткан жамаатына ыраазычылык билдирген.
Туңгуч президент мындан ары Кыргызстанга каалаган учурда келип кете аларын, анын мекенине келишин эки президент макулдашканын дагы айтып берген.
Эске салсак, Аскар Акаевдин Кыргызстанга 14-декабрда келгени маалымдалган. Ал эми 20-декабрда УКМКнын ага карата эч кандай доосу жок экени кабарланды. Бирок УКМК бул боюнча расмий маалымат тарата элек.
Аскар Акаев ушул жылдын август айында 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, сурак берген. Андан кийин элге кайрылуу жасап, "Кумтөр" долбоору боюнча өкмөткө ишенип чечим кабыл ала бергенин айтып кыргызстандыктардан кечирим сураган.