Аскар Акаев анын Кыргызстанга келишин эки президент макулдашканын айтты

Басылманын журналисти "Бишкекке барар алдында мени алдап коюшпайбы, провокация эмеспи деген чочулоо болгон жокпу?" деген суроону узаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев мекенине 16 жылдан кийин кайтып келүүгө өлкөнүн учурдагы президенти Садыр Жапаров түрткү бергенин россиялык MK RU басылмасына курган маегинде билдирген.
Анын айтымында, Жапаров ага өзү телефон чалган.
"Садыр Жапаров мага өзү телефон чалып, 16 жыл аралыгында Кыргызстанда мага карата көп иш топтолуп калганын, анын көбү ойдон чыгарылганын айтты. Аларды жаап салуу үчүн менин түшүндүрмөм жана жоопторум керек болуп жатканын белгилеген. Мен, албетте, чакырууну кабыл алдым. Мындан тышкары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазымын. Ал өзү жана кол алдындагылар мага абдан жакшы мамиле жасашты. Ошол эле учурда мыйзам чегинде иш алып барышты", — деген Акаев.
Басылманын журналисти "Бишкекке барар алдында мени алдап коюшпайбы, провокация эмеспи деген чочулоо болгон жокпу?" деген суроо узаткан.
"Эч кандай шек санаган жокмун. Себеби менин Кыргызстанга боло турчу сапарым президенттик деңгээлде, Владимир Путин менен Садыр Жапаров тарабынан сүйлөшүлгөн. Россиянын меймандостугу үчүн Владимир Владимировичке ыраазычылыгымды билдирем. 16 жыл бою мен ушул жерде иштедим. Үй-бүлөмө эң ыңгайлуу шарттарды түзүп беришти", — деди Акаев.
Кыргызстандын туңгуч президенти эми мекенине каалаган учурда келип кете аларын дагы билдирген.
Эске салсак, Аскар Акаевдин Кыргызстанга 14-декабрда келгени маалымдалган. Ал эми 20-декабрда УКМКнын ага карата эч кандай доосу жок экени кабарланды. Бирок УКМК бул боюнча расмий маалымат тарата элек.
Аскар Акаев ушул жылдын август айында 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, сурак берген. Андан кийин элге кайрылуу жасап, "Кумтөр" долбоору боюнча өкмөткө ишенип чечим кабыл ала бергенин айтып кыргызстандыктардан кечирим сураган.
Киберкоопсуздук бузулду! Кыргызстан Centerra компаниясын сотко берди
Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайрадан эмнеге келгени, канча жүрөрү белгилүү болду