Тарых музейиндеги сайма сайган эркектер, аялдар, балдардын видеосу

Жекшемби күнү, 19-декабрда, Кыргыз улуттук тарых музейинен сайма сайып жаткан аялдарды, эркектерди, ал тургай кичинекейлерди көрүүгө болот эле.
Sputnik
Бишкекте саймачылардын республикалык сынагы өттү. Аны "Кийиз дүйнө" коомдук фонду Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Кыргыз улуттук тарых музейинин колдоосу менен уюштурду.
Мындай иш-чара Бишкек калаасында үчүнчү ирет өткөрүлдү. Уюштуруучулар муну менен саймачылыкты жандандыруу максатын койгон.

"Көздөгөнүбүз — салттуу билимдердин эң ирилеринин бири болгон сайманы кайрадан жандандыруу, сактоо жана жайылтуу. Иш-чара бүгүнкү күндөгү салттуу маданиятыбызды жана кол өнөрчүлүгүбүздү даңазалоого багытталып, кыргыз саймаларынын ордун баалап, ал өнөрдү алып жүрүүчүлөрдү шыктандыруу жана керме сайма саюуну жандандырууга өбөлгө түзөт", — деп билдирди.

Иш-чарада эки конкурс болуп, мыкты саймачылар аныкталып жана 2021-жылы тигилген мыкты белдемчи тандалды.
Уюштуруучулар керме сайма боюнча сынакта аны тез бүтүрө салуу эмес, сапатына, композициясына карагандыгын айтышты.
Кызыгы, бул иш-чарага мектеп жашындагы балдар-кыздардан байбичелерге чейин катышып, шибегесин бериле шыпылдатып, жиптерден мыкты элестерди түшүрүп жатканын көрүүгө болот.
Жыйынтыгында өзгөчө саймасы жана чыгармачылыгы менен айырмаланып I орунду Эркайым Асанбекова, II орунду Кундуз Абдыкеева, III орунду Нургүл Жээнбекова ээледи.
Чемпионатта салт болуп калгандай сайма боюнча өткөн жылдагы сынактын жеңүүчүсү Диляра Орозалиева быйылкы жеңүүчү Эркайым Асанбековага эстафета-чапанды тапшырды. Эми Асанбекова аны сактап, келерки жылдагы жеңүүчүгө өткөрүп бермекчи.
Ал эми белдемчи боюнча сынакта I орунга Сырга Өмүралиева, II орунга Эркайым Асанбекова, III орунга Батина Назаралиева татыды.
Андан сырткары, Тарых музейинде уздардын колунан чыккан туш кийиздер, паннолор, элечектер, чапандар, белдемчилер, баштыктар көргөзмөгө жана сатыкка коюлду.
Тема боюнча:
Бишкектеги саймачылар сынагына окуучулардан чоң энеге чейин катышты. 14 ирмем