Ошто таштанды ыргыткандарды уяткаруу ыкмасын табышты. Камерага түшкөн сүрөттөр

Камералардын жардамы менен таштандыны контейнерге салбаган жана курулуш калдыктарын таштап кеткен адамдар аныкталат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Ош шаарындагы таштанды контейнерлеринин жанына видеокөзөмөл камералары орнотула баштады. Бул туурасында "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасынан билдиришти.
Камералар алгач пилоттук долбоор катары 20 жерге коюлду. Алар негизинен таштандыны контейнерге салбай жерге ыргытып, курулуштан чыккан калдыктарды таштап кете берген аймактарга коюлганы айтылды.
"Камералар күнү-түнү иштеп, белгиленбеген жерге таштанды төккөн жарандардын жүзүн, унаасын кошо жаздырып алат. Анын негизинде айып пул салынат. Ал эми уяткаруу максатында жүзүн коомчулукка жарыялоо маселесинин мыйзамдуулук жагы каралууда. Мындай камераларды коюунун максаты — шаардын тазалыгына кайдыгер караган жарандар менен күрөшүү", — деп айтылат маалыматта.
"Ош-Тазалык" таштандыны чар-жайыт ыргыткандардын айынан шаар булганып, экинчи жагынан курулуш калдыктарын жүктөгөн техникалар бузулуп жатканын белгиледи.
Шаар тазарат! Таштандыны чогултуп, сактоо боюнча мэриянын өзгөчө долбоору