Бишкек — Ош жолунда май ташыган автоунаа кырсыктады. Сүрөт

МAN жол четиндеги тосмону сүзүп, трассаны тосуп калган. Окуя болгон жерге куткаруучулардын барганы кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Бишкек — Ош жолундагы Беке-Чал тилкесинде МAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа кырсыктады. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бишкек — Ош жолундагы Беке-Чал тилкесинде МAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа оодарылып кетти
"Кырсык аталган трассанын 409-чакырымында болгон. МAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа жол четиндеги тосмону сүзүп, жолду тосуп калган", — деп айтылган маалыматта.
Ал жерге ӨКМдин төрт куткаруучусу барган жана жол каттамы буулбаган.
Чычкан капчыгайында өрттөнгөн бензовоз. Көз жумган кишинин ким экени айтылды