COVID бир бейтаптын өмүрүн алып, 23 кишиден чыкты. Соңку маалымат

Көз жумган бейтап Бишкектен катталды, ал вируска каршы вакцина алган эмес. Ушуну менен коронавирустан 2 784 киши каза тапты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Өлкөдө акыркы суткада COVID инфекциясы 23 адамдан чыгып, оору жуктурган бир киши көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Ооругандар:
1.
Бишкек — 19;
2.
Ош шаары — 1;
3.
Жалал-Абад — 2;
4.
Баткен — 1.
Пандемиядан баш-аягы 184 218 адамдан коронавирус чыкты.
Көз жумган бейтап Бишкектен катталды, ал вируска каршы вакцина алган эмес. Ушуну менен коронавирустан 2 784 бейтап каза тапты.
Соңку суткада 29 бейтап айыгып, жалпы сакайгандар 179 311ге жетти.
Республикадагы ооруканаларда 301 бейтап дарыланууда, анын 141и оор жана 18и өтө оор абалда жатат. Амбулатордук дарыланууда 338 бейтап бар.
Вакциналарды аралаштырып алса болобу? Адистин түшүндүрмөсү