БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Пушкиндик бал өттү. Бул тууралуу Бишкектеги "Русский дом" уюму билдирди.
Уюштуруучулар Пушкиндин доорундагы атмосфераны түзүүгө аракет жасашкан. Башкы тема катары ыр түрүндө жазылган "Евгений Онегин" романынын союжети алынган. Бий студиясынын тарбиялануучулары вальс бийлешти.
Мектеп окуучулары "Евгения Онегин" романынан үзүндү окуса, "Россиялык жаш мекендештер" кеңешинин өкүлдөрү менен музыкалык конкурстардын лауреаттары Пушкин менен Тютчевдин ырларынан романс аткарышты.
"Пушкиндик бал борбор калаада үч жыл катары менен өттү. Бул иш-чарага катышкан жаштар Россиянын тарыхы жана маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышууда", — деди "Русский домдун" Бишкектеги жетекчиси Виктор Нефёдов.
"Русский дом" иш-чараны "Москва классикасы" коомдук фонду менен КРдин Бий спорту боюнча федерациясы менен биргеликте өткөрдү.