Өз убагында бүтүргүлө! Жапаров ири туннелдин курулушун барып көрдү. Сүрөт

Президент Көк-Арт ашуусу аркылуу өтүүчү ири туннелдин курулушун көргөн. Туннелдин узундугу 3 800 метрди, туурасы 10 метрди, ал эми бийиктиги 8,5 метрди түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты

2 / 3

Мамлекет башчы Көк-Арт ашуусу аркылуу өтүүчү ири туннелдин курулушун көргөн

3 / 3

Президентке учурда туннелдин 2 991 метринде иштер бүткөрүлгөнү маалымдалган.

Мамлекет башчы Көк-Арт ашуусу аркылуу өтүүчү ири туннелдин курулушун көргөн.
"Садыр Жапаров туннелди жана стратегиялык Түндүк-Түштүк унаа жолун куруу боюнча бардык иштер сапаттуу жасалып, өз убагында бүтүшү керектигин белгилеп, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине долбоордун аткарылышын көзөмөлдөөнү тапшырды. Ал бардык заманбап стандарттарга жана эл аралык талаптарга жооп бериши керектигин айтты", — деп жазылган маалыматта.
Президентке учурда туннелдин 2 991 метринде иштер бүткөрүлгөнү маалымдалган. Аны куруу боюнча иштер бир учурда эки тарабынан жүрүүдө. Бир тарабы түштүктөн, бир тарабы түндүктөн тешилүүдө. Туннелдин узундугу 3 800 метр, туурасы 10 метрди, ал эми бийиктиги 8,5 метрди түзөт. Анын 3 800 метринин 3 619у тешилген.
Көз талдырат! Кыргызстандагы эң узун тоннель кантип курулууда. Видео