БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Көпчүлүк аймактарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 20 жана 22-декабрда 15-20 метрге жетет.
Чүй облусу
19-декабрда дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Анткен менен 20-декабрда күндүз көпчүлүк жерде мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 23-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Аптанын соңунда айрым райондордо жаан, кар жаашы божомолдонууда.
Талас облусу
Талас облусунда аба ырайы күн алыс жаан-чачындуу болору айтылды. Мисалы, 19-декабрда дыйканчылык аймактарда күн ачык болсо, эртеси күнү жаан жаайт. 22-декабрь жаан жаап, 23-24-декабрь жаан-чачынсыз болот. 25-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаайт.
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары
Өлкөнүн түштүгүндөгү облустарда аба ырайы бирдей. Бул аймакта дагы келе жаткан аптада күн алыстап жаан-чачындуу болот. Тагыраагы, 19-21-23-25-декабрь күндөрү дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. Ал эми 20-22-24-декабрь күндөрү күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Нарын жана Ысык-Көл облустары
Нарын менен Ысык-Көлдө кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт.