Сүйлөсөмбү же сүйлөбөсөмбү. Көз айнекчен модакөй мышыктын жылмайткан видеосу

Адаттагыдан тышкары өзгөчө иш-чара Грозный шаарында болду. Ал жерден түрдүү ыкмада "кийинген", "сулууланган" жана стилдүү мышыктарды көрүүгө болот эле.
Sputnik
30га жакын мышыктардын ээси эң саркеч деген наамды алып берүү үчүн жаныбарларын түрдүү кылып кийинтип келген. Кээ бир кожоюн, кожойкелердин фантазиясы жаныбарына эп келип калгандыктан алардын образын көрүп жылмайбай койбойсуң.
Сынакта грозныйлык Риччи аттуу мышык биринчи орунду алган.
Калыстар үчүн конкурс жеңүүчүлөрүн тандоо оңойго турбаганын байкоого болот. Себеби мышыктарды кожоюндары ар башка, бирок кызыктуу кылып кийиндирүүгө аракеттенишкен.
Анткен менен көптөрдүн көңүлүн жогоруда биз сөз кылган Риччи бурган. Кара көз айнекчен, модалуу булгаары күрмөчөн мышыкка уюштуруучулардын бири микрофон сунуп турган кадрлар кишини аргасыздан жылмайтат. Ал эми "интервью берип жаткан" "каарман" сүйлөр-сүйлөмөксөн болгон, кербезденген кишинин образын эске салат.
Биринчи орунду алган мышыкка диплом жана белек беришсе, ал эми кожойкесине уникалдуу глэмпинг-лагерге путевка тапшырышты.
Түркияда төрт кулактуу мышык социалдык тармакты багындырууда. Сүрөт, видео