Индиянын футбол клубу Мирлан Мурзаевдин голу менен жеңишке жетти. Видео

Мурзаев ушул жылдын август айында Индиянын "Ченнайин" командасы менен келишим түзгөн. Бул — анын клубга мүчө болгондон берки алгачкы голу.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Индиянын футбол чемпионатында жергиликтүү "Ченнайин" клубу кыргызстандык белгилүү оюнчу Мирлан Мурзаевдин голу менен атаандаш тайпаны утту. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Индиянын чемпионатынын 7-турунда "Ченнайин" командасы "Одиша" клубу менен ойноп, эсеп тең болуп жаткан. Анан чечүүчү голду биринчи команданын чабуулчусу Мирлан Мурзаев киргизип, мелдеш 2:1 эсебинде аяктаган.
"Бул — Мирландын клубга кошулгандан берки алгачкы голу. Азаматсың, ушунуңдан жазба", — деген Кыргыз футбол союзу.
Видеодон кыргызстандык спортчу ойногон командадагы футболчулар жеңишине сүйүнүп, кучакташып жатканын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, Мурзаев ушул жылдын август айында Индиянын "Ченнайин" командасы менен келишим түзгөн. 2019-жылдан бери "Дордой" клубунун катарында болуп келген спортчу ага чейин Түркияда, Израилде жана Россияда ойногон. Мурзаев Кыргызстандын курама командасынын эң мыкты бомбардири болуп саналат (14 гол киргизген).
"Ченнайин" клубу индиялык Суперлигага (Жогорку лига) чыгып келет. Клуб 2014-жылы гана түптөлгөн. Индиялык актер жана продюсер Абхишек Баччан клубдун ээлеринин бири болуп саналат. Ал — актриса жана модель Айшвария Райдын жолдошу.
Садыр Жапаров 9 гол киргизип мыкты чабуулчу болду. Турнирдин урунттуу учурлары