Sputnik Кыргызстан редакциясы "Туяк" рубрикасына КРдин эмгек сиңирген артисти, аткаруучу, композитор Жеңишбек Шамшиевдин кызы Рахат Шамшиеваны чакырып, обончунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу сүйлөштүк.
— Алгач белгилүү обончунун бала чагына токтолсок. Согуш жылдары төрөлгөн экен...
— Атам Алайкуу өрөөнүнүн Терек айылында 1945-жылы 8-мартта согуш аяктап калганда төрөлгөн. Ал мезгилде туулган даталар так жазылбай калчу экен. Атамдыкы билинип калган себеби, чоң атам башкарма болуп иштеп жүрүп, үйүнө облустук аткаруу комитетинен кишилер келип калат. Чоң апам ошол күнү кечинде эле толготуп, көз жарат. Анан меймандардын бири "куттуктайм, сен өзүңдүн майрамыңда төрөдүң. Бүгүн 8-март аялдардын эл аралык майрамы" деп куттуктаптыр. Ага чейин эл андай майрамды деле билбесе керек.
Атам бала кезден эле музыкага жакын болуп, чоң атам да аспаптардын түрүн алып берчү экен. Өзүнүн эскерүүсүндө алгач балалайкадан баштаптыр. Эч ким деле үйрөткөн эмес. Эшиктин алдында жыйылган карагайларга отуруп алып, кылдарын чертип, эң биринчи "Барчын" деген элдик ырды ойноптур.
Негизи атам тамашакөй киши болчу. Мектепте окуган кезинде деле классташтарына, мугалимдерине карата ар кандай азилдерди жазып, мектеп тактасына ырлары чыгып турган экен.
"Толгонуу", "Эсиңдеби", "Өчүрбө сүйүү жалынын", "Карагым келет" деген мыкты ырлардын обондорун жазган Жеңишбек Шамшиев
© Фото / предоставлено Рахат Шамшиевой
— Чыгармачылыкка кантип баш багып калган экен?
— Негизи атамдын таякелери кыяк, комузду мыкты черткен, ыр-күүгө жакын болушуптур. Бирок жаманчылыкта Кытайга өтүп кетип, кайра кайтпай калышкан экен. Чоң энем кийинкиге чейин эле инилерин көрбөй калганын айтып жүрдү.
Атам бала кезинде элдик ырларды аткарып өссө, кийинчерээк Жапар Чабалдаевдин ырларын көп ырдаптыр. Анан атам обончу болгондо Жапар Чабалдаев кайра атамдын ырларын ырдап жатпайбы. Экөө көпкө чейин ага-ини катары жакшы мамиледе жүрүштү. Маркум Дүйшөнбек Үкүев "биз үч мушкетёрбуз" деп калчу (күлүп). Анткени үчөөнүн үнү окшош болчу. Негизи атамдын турмушу кызыктуу. Атам менен апам курсакта кезинде эле ата-энелери кудалашып койгон экен. Чоң энем атайын келип таенеме жоолук да салып кетет. Бирок ата-энем кичинесинде такыр көрүшкөн эмес, мектепте окуп жүргөндө деле бири-бирин тааныбайт. Анан Фрунзеге окууга келгенде гана таанышкан экен. Экөө сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөндөрүнө эки ай өтпөй апам катуу ооруп калат. Атамдын төкмөлүгү бар эле. Ал тургай Эстебес Турсуналиев менен жолукканда да төгүп ырдап, ал кишини таң калтырган жайы бар. Ошентип апам ооруканада жатканда атам күн сайын үч маал үч башка ыр жазып келет экен. Кийин ошондо жаралган "Эсиңдеби" деген ыры жарык көрөт. Анан очор-бачар болуп, үй-бүлөбүз менен дасторкондо отурганда атам "апаңар оорубаса, мен элдик ырларды аткарып эле кала бермек экенмин. Апаңа арнап ыр жазып жүрүп, обончу болуп кеттим" деп айтып калчу. Экөө 19 жашында үйлөнгөн. Кийин радиого "Эсиңдеби" ырын жаздырып, ага таасирленип үйгө барып эле дароо "Арнадым көлдүн жээгинде" деген экинчи ырын жараткан экен. Атам Высоцкийдей болуп ырларын ырдап эле магнитофонго жаздырып, "жакшы экен" деп башкалар да кошо ырдап жүрө бериптир. Кийин гана бир досунун сүрөөнү менен чыгармаларын радиого барып жаздырышкан.
Рахат Шамшиева: атам "апаңар оорубаса, мен элдик ырларды аткарып эле кала бермек экенмин. Апаңа арнап ыр жазып жүрүп, обончу болуп кеттим" деп айтып калчу. Экөө 19 жашында үйлөнгөн
© Фото / предоставлено Рахат Шамшиевой
— Эмгек жолунан кеп салсаңыз. Атаңыз кесиби боюнча экономист экен.
— Атам өзү Улуттук университеттен экономика факультетин бүтүргөн. Эч кандай нота билген эмес. Музыкалык билими жок. Ошончо обондорун нота билбей эле жараткан. Окууну бүткөндө өз айылында экономист болуп жүрүп, кийин райондун борборуна көчүп келишет. Анда башкы экономист кызматына дайындалып, партия комитетинин жетекчиси катары да эмгектенген. Бирок ал жакта да чыгармачылык менен аралашып, маданият үйүнө баш багып турган. Биздин, айрыкча апамдын өкүнгөнү — атамдын жаш кезиндеги бир дагы видеосу сакталбай калганы болду. 1968-жылы Кыргызстан боюнча аябай чоң конкурс өтүп, жаш обончулардын жана аткаруучулардын башын бириктиришет. Ал убакта Аксуубай Атабаев, Рысбай Абдыкадыров, Калыйбек Тагаевдер топ жарып турган кези. Баары аталган сынакка катышып, анысы азыркы Опера-балет театрында өтөт. Ошондо Рысбай Абдыкадыров менен атама 2-орун ыйгарылып, 1-орун бош калган экен. Коюлган талаптын жогору болгонун карабайсызбы. Катышкан обончуларга "бирден гана ырдайсыңар, эл кол чапса да кирип кетесиңер" деген талап коюлуптур. Атам ырдап бүткөндө эл такыр токтобой дуулдап кол чабат, анан калыстар тобунун уруксаты менен кайра чыгып бир ыр ырдаптыр. Ошол видеолордун баары сакталган эмес. 1975-жылы Москвада ВДНХда өткөрүлгөн чоң концертке да барып катышкан. Ошондогу сүрөттөрү бар, бирок видеолорун архивге кайрылып таба албай жатабыз.
— Ал кишиге атактуулук кантип келди? Кандай көтөрдү экен?
— Мен 2-3-класстан беркилерди гана билем. Калганы эсимде жок. Убагында атам Жеңишбек Шамшиев болуп аты чыгып, республикага чейин укмуш таанылган. Жолболду Алыбаевдин "Жеңишбек аке айыл жеринде жашап туруп өлкөгө "дүң" болгон. Ошол боюнча атактуулугун сактап калган инсан" деген жакшы сөзү бар. Атам абдан кичи пейил, жөнөкөй адам эле. Замандаштары, бир туугандары, жолдошторунун эскерүүсүндө, атам абдан жароокер бир тууган, боорукер дос, мээримдүү ата, сүйүктүү жар болгон. Ал кезде бир туугандар жакын жашап, бирге жүрүшчү. Биздикилер өзгөчө ынтымактуу болду. Кийин атам ооруп калганда туугандары тикесинен тик турушту. Абдан ыраазымын.
Рахат Шамшиева: Бир ирет "40 жаштан кийин адамдын үнү өзгөрөт, келсеңиз сиз жөнүндө жакшы телефильм тарталы" деп чакырышканда келе албай калган. Ошого кийин өкүнүп калды
© Фото / предоставлено Рахат Шамшиевой
— "Эгер мен борбордо турсам, чыгармачылык жаатта мындан да бийиктиктерге жетишер элем" деген өкүт, өкүнүчтөрүн уккан кездер болдубу?
— Жок, атамдын эч качан антип айткан учуру болгон эмес. Бирок бул киши өзүнүн наамын абдан кеч (2003-жылы — ред.) алып калды. Болбосо "Толгонуу" деген ыры 1977-жылы эле элге желдей тарап, азыр да ырдалып жүрөт.
Фрунзеге келген сайын телевидениедегилер атамды чакырып, жакшы тосуп алышчу. Бир ирет "40 жаштан кийин адамдын үнү өзгөрөт, келсеңиз сиз жөнүндө жакшы телефильм тарталы" деп чакырышканда келе албай калган экен. Ошого кийин өкүнүп калды. Бара-бара союз тарап, заман өзгөрдү. Анын үстүнө 40 жаштан кийин атамдын башы ооруп, ден соолугу мурункудай болбой калды. Бирок эч качан наамга кайгырган жок. Өзү да бою узун, токтоо, салабаттуу, терең киши эле. Азыр атам өтүп кетсе да, жакындан билгендер чыгармачылыгын гана эмес адамдык сапатын кошо эскерип, жакшы сөздөрүн айтып жатса жагымдуу болот экен.
— Бир тууганы да мыкты ырдачу дешет го...
— Атамдын агасы Годовой Рысбай Абдыкадыров менен жакын дос болчу. Ал атама караганда аккордеонду жакшы чертчү экен. Апам ал кишидей аккордеонду виртуоздуу черткендер жок экенин айтат. Негизинен бир туугандарынын баары эле жакшы ырдашкан. Бирок баарынын кесиби чыгармачылыктан алыс. Годовой абабыз деле физматты бүткөн экен. Анан апам атама "Жеке, сен журналист болсоң, күчтүү калемгер болмоксуң" деп айтып калчу. Мыкты жазып, жамактата сүйлөп турчу эле. Апама бир дептер толо ыр арнаптыр. Бала кезде "окусак болобу?" десек апам окутчу эмес. Кийин гана китебин чыгарганда ошол ырларын да жарыяладык.
Рахат Шамшиева: замандаштары, бир туугандары, жолдошторунун эскерүүсүндө, атам абдан жароокер бир тууган, боорукер дос, мээримдүү ата, сүйүктүү жар болгон
— Ушундай кишинин уул-кызысыңар деген чектөөлөр болдубу?
— Атамды карап алып эле "ушундай адамдын кызы болгондон кийин жөнөкөй, токтоо болуу керек экен" деп тарбияландык. Атам мектепте ата-энелер комитетинде болчу. Апам мугалим болуп иштесе да, бир да жолу биздин жыйналышка барган эмес. Колунда карыган кайната-кайнене болгондуктан бошочу деле эмес. Оорусак ооруканага алып барып, эмне маселебиз болсо да атам бизди жетелеп жүрчү.
— Агайдын 80ден ашык обону бар экен. Жолон Мамытов, Сооронбай Жусуев, Мидин Алыбаев, Эсенгул Ибраевдердин сөзүнө обон жаратыптыр. Бул акындар менен жеке иштешчү беле?
— Адабий чөйрөдөгүлөр менен мамилеси жакшы болчу. Ал кезде "Ала-Тоо" журналы чыгып турчу да. Анын улам жаңы санын алып, апам экөө талкуулап отурчу. Анан бизге "Толгонуу" деген ырынын жаралуу тарыхын да айтып берген. Атам бир кезде ата-энени чогуу айкалыштырып, даңазалап жазган жакшы ырдын текстин издейт. Анан журналдан Эсенгул Ибраевдин буга ылайыктуу ырын таап алат. Кийин Эсенгул агай журналисттерге берген маегинде ошол "Толгонуу" чыгармасы эң жакын көргөн ыры экенин айтканын окуп калдым. Анан эң акыркы обону да ушул акындын сөзүнө жазылган "Карылыктын басалы алдын утурлай" деген ыры болду. Бул да абдан сонун чыгарма.
Рахат Шамшиева: адабий чөйрөдөгүлөр менен мамилеси жакшы болчу
© Фото / предоставлено Рахат Шамшиевой
Атам дайыма көтөрүңкү маанайда жүрчү. Анын чыгармачылыгынын эң биринчи сынчысы апам эле. Атам комузсуз ырдачу эмес. Кызматы боюнча Фрунзеге чогулушка келгенде, жыйын бүтөр менен эле баары "Жеке, ырдап бер" деп тегеректеп калчу экен. Ошондой бир жыйынга комузу жок барат, анан баягыдай баары сурангандан ары жакта жүргөн Самара Токтакуновага барып, комузун сураптыр. Ал киши комузун эч кимге берчү эмес экен. Самара эже: "Эч кимге карматчу эмес элем, Жеке, эми сага берейин" деп комузун сунат. Ошентип атам тегеректегендерге ырдап берип кутулган жайы бар. Андай жыйындардын арты концертке айланып кетчү экен.
— Устат, шакирттери катары кимдерди айта аласыз?
— Атамдын бир туугандары чыгармачылыгында чоң роль ойноду. Алар кичинесинен эле үйдө тынбай комуз, аккордеон чертишип, атасы болсо баарын камсыздап турчу экен. Негизи Жапар Чабалдаевди үлгү туткан. Ал кишинин комуз черткенине абдан көңүл бурарын айткан. Башкалары жөнөкөй эле чертсе, ал кандайдыр бир өзгөчөлөнтүп, кээ бир кайрыктарды кошо калып чертчү экен. Ошого абдан кызыгыптыр. Жаңы муун жаңыча ырдайт эмеспи. Негизи атамдын ырлары ырдалып жатканына абдан сүйүнөбүз. Азыр Токтобек Асаналиев менен көп байланышып турабыз. Кутман Жолдошев да эки ырын жаздырды. "Толгонуу" деген ырын Улан Качкыналиев оркестр менен жакшы аткарыптыр. Гүлбү Орозкул кызы да атамдын ырларын мыкты ырдачу. Бул инсандарга биз ыраазычылык гана айтабыз.
Рахат Шамшиева: атам дайыма көтөрүңкү маанайда жүрчү. Анын чыгармачылыгынын эң биринчи сынчысы апам эле
© Фото / предоставлено Рахат Шамшиевой
— "Ар бир улуу инсандын артында жубайы турат" деген сөз бар. Апаңыз тууралуу да айтып бериңизчи?
— Ушул сөз атам менен апама абдан дал келет. Себеби атамдын обончу болушуна, андан ары улантып кетишине, ишинде ийгиликке жетишип, ата-энесинин батасын алып, тууган-урук, жоро-жолдошторунун ортосундагы сыйга татыганына апамдын салымы чоң. Муну биздин аймактагылар, туугандарыбыздын баары айтат. Апам атамдын чыныгы музасы болду. Экөөнүн катуу урушкан эмес, айтышканын көргөн жокмун.
Жолболду Алыбаев да муну байкап: "Саипжамал эжебиз, сан аялдын мыктысы. Талантты улуу көтөргөн, таазим сизге этебиз" – деген төрт сап ырын арнаган.
Азыр байкасам эркек бир туугандарымда да атамдын мүнөзү бар экен. Ал киши жумушка кетерде алтообуз улуулата тизилип коштошуп узатчубуз. Баарыбызды эркелетип, өөп, анан кетчү. Келгенде да алдынан чуркап тосуп алчубуз. Кайра эле кучагына кысып, ар бирибиздин көңүлүбүздү алчу. Азыр бир туугандарым да балдарына ошондой мамиле кылат экен.