Мүнөздүү болгондой, бул үчүн танк жана аскердик авиация колдонулбайт. Америкалык Энергетикалык маалымат башкармалыгы (EIA) маалымдагандай, Кошмо Штаттар келерки жылдын башында Австралия менен Катардан озуп, дүйнөдө суюлтулган жаратылыш газынын башкы экспортчусу болууга чамынып турат. Сергей Савчуктун ушул тууралуу макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Бул окуя гипер үндүү ракета менен куралданып, суу түбүндөгү атомдук жаңы кайыктуу болгондой эле чоң мааниге ээ. Эмне үчүн? Себебин талдап көрөлү. Декабрь айынын ортосундагы абалга үңүлсөк, кубаттуулук булактарынын баалары рекорд какпай калды. Анткен менен тарыхый чегинен ылдыйлоого да ашыкпайт. Европада жалпысынан көгүлтүр оттун миң куб метри споттук келишимдер боюнча 1400 доллар бойдон турат. Ал эми Германияда электр кубатынын бир мегаватт-сааты эки жүз евродон ашты.
Кубаттуулук жаатында россиялык ишканалар сунуштап келген узак мөөнөттүү келишимдердин пайдалуулугу ачык-айкын болуп турса да, энергетиктер менен саясатчылар ар кыл, дегеле кесилишпеген дүйнөлөрдө жашарын тажрыйба көрсөтүүдө. Еврокомиссия жакын арада узак мөөнөттүү келишимдерди түзүүгө тыюу салары белгилүү болду. Тагыраак, өлкөлөр жана мамлекеттик ишканаларды мындай товар-акча алакаларынан баш тартууга, аларды 2049-жылга чейин толугу менен токтотууга акырындап мажбурлай баштамакчы.
Бул, 2020-жылдын аягына берилген маалыматка ылайык, Европада керектелген табигый газдын үчтөн бири менен жабдыган Россияга доо кетирүү үчүн жасалып жатканын Брюссель жашыргысы да жок. Жапырт споттук келишимдери башынан кеңири коомчулукка бюджеттик чыгымдарды азайтуунун инструменти катары түшүндүрүлөт. Анткени заманбап рыноктук теорияда бир жолку келишимдер монополисттердин жаралышына жол бербей, баанын төмөндөшүн өбөлгөлөй турганы айтылат. Сапары карып бараткан жылы эч бир эреже аксиома болуп эсептелбей турганын даана көрсөткөнү менен русофобияга кабылган Брюсселди токтотушка болбой калды өңдөнөт.
Сыртынан мындай окуялар дайым капыстан болгондой көрүнгөнү менен рыноктогу оюнчулар саясий жана экономикалык жактан маанисиз бул схеманын түптөлүшүнө эбактан бери көз салып келишет. Алар өз пландарын да жаңы, башынан анча байкалбаган тенденцияларды түшүнүү менен түзүшөт. Америкалыктарга да баа бербей коюуга болбойт, Афганистандан качып кеткени иштери көңүл жубатарлык эмес Кошмо штаттар глобалдык каржылык эпкиндин өзгөрүшүн туура баамдай алды. Геосаясий багытты да кошо атасак жарашар, себеби дүйнөлүк аренада ресурстары жетишерлик өлкөлөр гана салмакка ээ эмеспи.
АКШ 2020-жылы суюлтулган табигый газды дүйнөлүк экспорттоочулардын үчтүгүнө кирген. Ушул тапта алдыңкы сапта – Австралия жана Катар бар, алар жыл башынан тарта сыртка 75,8 жана 73,4 миллион тонна суюлтулган көгүлтүр отту саткан.
Америкалыктарда ушул эле көрсөткүч 66,5 миллион тонна же 91 миллиард куб метрди түзгөн, бул кыйла көп көлөм. Бул менен гана тим болбостон, жакынкы айларда Кошмо штаттарда бардык атаандаштарын сүрүп чыгарууга даяр.
Луизианада суюлтулган көгүлтүр отту өндүрүүчү алтынчы завод – кубаттуулугу 5,2 миллион тонналык Sabine Pass ишке киргизилип, он миллион тонналык кубаттуулукта иштей турган Calcasieu Pass комбинаты кезегин күтүп турат. Ал тургай, Энергетика жаатында жөнгө салуучу федералдык комиссия (FERC) Техас штатындагы Corpus Christi заводунун өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө уруксат берди. 2024-жылы ишке бериле турган дагы бир жаңы – Golden Pass ишканасын куруу пландалган.
Сиздер көрүп тургандай, Вашингтон бул маселеге билек түрүп киришти. Буга дагы бир кошумча кабар катары Жо Байден жаңы эле кол койгон жарлыкты атоого болот. Ага ылайык, чет өлкөлөрдө жаңы энергетикалык ишканаларды курууга америкалык каражаттарды салууга тыюу салынат. Буга экологияны коргоо, көмүр жагууну азайтуу жана "көмүртек-интенсивдүү өндүрүшүн" жыйыштырууну шылтоолошот.
Негедир ал регазификациялык терминалды инвестициялоого тыюу салат, болбосо көмүр кычкыл газына караганда суюлтулган газды ташуу жана айлантууда сызылып чыккан метан атмосферага он эсе зыяндуу экенин ар бир эколог айтып берет. Бул туурасында Австралия менен Катар кандай ойдо экени азырынча белгисиз, бирок кимдин эле рыноктогу өз үлүшүн жана кирешесин башкага тарттырып жибергиси келсин?
Дүйнөлүк конъюнктуранын өзгөрүлгөнүн бөлөктөр да аңдады. Мисалы, дүйнөлүк деңгээлдеги оюнчу катары Египет да өзүн сынап көргүсү келет. Анын суюлтулган табигый газ долбоорлору буга чейин, атап айтканда, Жакынкы Чыгыштагы араб жазынын айынан, кийин Түркия менен тирешинен улам аксап келген. Бирок жакынкы күндөрү эле египеттик EGAS LNG компаниясы жыл аягына дейре тендердик келишимдеринин баарын жапканы кабарланды, башкача айтканда аталган өлкөнүн суюлтулган жаратылыш газы толук сатылды.
Көмүр-суутектин коруна бай чөлкөмдө энергетикалык, болгондо да каардуу каатчылык байкалууда. Өткөндө эле Ливандын премьер-министри Египеттин президентине кошумча газ менен жабдууну камсыз кылуу өтүнүчү менен расмий түрдө кайрылды. Анткени өлкөдө толук энергетикалык таңсыктык болууда. Каир экспортчу макамынын пайдасын жакшы түшүнгөндүктөн, бул максатына жетүү үчүн болуп көрбөгөндөй кадамдарга барууда. Өндүрүш көлөмүн көбөйтүү үчүн Египет Израилден газ сатып ала баштады. Атап айтканда, египеттик Эль-Ариштен израилдик Ашкелон портуна газ түтүгү курулду.
Египеттиктер токтоно албай, ушул тапта Кипр дагы бир магистралды куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ал аркылуу египеттик терминалдарга суюлтулган көгүлтүр от келет. Айтор, таң каларлык деле нерсе жок, суроо-талап жана ашкере кымбат баа сунушту жаратууда.
Ал эми Россия буга эмне дейт? Чындап эле мунун баарын ал туйбай калдыбы? Түк да андай эмес. "Новатэк" компаниясы 20 миллиард доллардан ашуун суммага чет элдик инвесторлор менен кол койгон келишимдин сыясы кургай элек. Ошондой эле "Арктик СПГ — 2" биргелешкен долбоору Салманов жана Штормов кендеринен алынып, табигый газды суюлтуучу заводдун куруларын билдирет. Жалпы кубаттуулугу – 19,5 миллион тонна же 27 миллиард куб метр. Өндүрүштүк үч түйүн тең 2025-жылы ишке киргизилип, Ямалда алынган суюлтулган газдын көлөмүн эки эсеге көбөйтөт.
Ал эми кеп башына кайтсак, АКШ Австралия жана Катар өңдүү эле өнөр жай жана демографиялык планда ыкчам өсүп келе жаткан Азияны негизги рынок катары санайт. Бул багытта Россиянын энчисинде споттук келишимдерди өжөрлүк менен талап кылып, газ үчүн пландан ашык төлөөгө мажбур болгон Европа бар. Себеби бул аймакка башка суюлтулган газды жапырт ташууну эч ким пландаган жери жок.
Муну тастыктоо үчүн соңку фактыны келтирели. Жакында эле Клайпеда портуна газ ташуучу Coral Fungia сүзүп келди. Ал аптада экинчи ирет россиялык көгүлтүр отту Литвага жеткирди. Прибалтикалык эки коңшусу да аталган мамлекетти Россия жана Белоруссиядан электр транзитин кайра калыптандырууга мажбурлоо аракетинде. Европа Россия менен баары бир кызматташуудан кача албайт. Азыркы жагдайларды эске алганда бул тараптардын куру дегенде эле бирине пайдалуу.