Мэрия "Тазалыктын" кырсыктан көз жумган кызматкеринин бүлөсүнө колдоо көрсөтөт

Буга чейин дагы бир кызматкерди автоунаа кагып кеткен. Шаар жетекчиси Айбек Жунушалиев эки окуя боюнча тең тыкыр кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы түндө автоунаа койдуруп кетип каза болгон "Тазалык" муниципалдык ишкана кызматкеринин үй-бүлөсүнө 50 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу шаар жетекчилиги кабарлады.
Эске салсак, жол кырсыгы 18-декабрга караган түнү саат 1.20лар чамасында болгон. "Ала-Тоо" ресторанынын бет маңдайынан кызматкерди Honda CR-V үлгүсүндөгү автоунаа кагып кеткен.
"Мэрия жетекчилиги маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, муниципалитеттин фондунан 50 миң сом өлчөмүндө материалдык колдоо көрсөтөт. Ошондой эле "Тазалык" ишканасы кызматкер жумуш учурунда каза болгонуна байланыштуу Эмгек кодексине ылайык компенсация төлөп берет", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, мэрия айдоочуларга кайрылып, "Тазалык" кызматкерлери таң эрте чыгып иштегендиктен, жолдо этият болууга чакырды.
Тилекке каршы, бул үстүбүздөгү айдагы биринчи окуя эмес. 12-декабрь күнү "Тазалыктын" башка кызматкери жол кырсыгынан каза болгон.
Шаар жетекчиси Айбек Жунушалиев эки окуя боюнча тең тыкыр кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берди.
Таласта жол кырсыгынан 14 жаштагы балдар каза болду. Талкаланган унаанын сүрөтү
"Тазалык" кызматкеринин өлүмү: маркумдун жакындарына компенсация төлөнөт