Баткенде жер титиреп, күчү 4,5 баллга жетти

Баткен облусундагы жердин силкинүүсүнүн эпкини Тажикстандын жана Өзбекстандын да бир катар айылдарында сезилген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бүгүн, 18-декабрда, саат 11:43тө очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстанда болуп, Ак-Чечек айылынын түштүк-батышынан 15 чакырым, Жаңы-Жер айылынын түндүк-чыгышынан 10 чакырым, Лейлек айылынан 23 чакырым, Сүлүктүдөн 42 чакырым, Баткендин батышынан 66 чакырым алыстыкта жайгашканы айтылат.
Ак-Чечек, Жаңы-Жер айылдарында 4 балл, Лейлек менен Сүлүктүдө 3 балл жана Исфанада 2,5 баллга жеткен.
ӨКМ азырынча мындан кыйроолор болуп же болбогону тууралуу маалымат бере элек.
Тажикстан менен чектешкен аймактагы жер силкинүүнүн эпкини Өзбекстандын да бир катар айылдарында сезилген. Тажикстанда дагы кесепети туурасында кабар жок.
Сизди жана балаңызды кырсыктан сактай турган 2 мүнөттүк видео
Майрамда кырсыктабайлы десеңер. ӨКМдин пиротехника боюнча кеңеши