Түндүк Корея Ким Чен Ирды эскерүү күнүнө карата күлүүгө тыюу салды

Ким Чен Ир 17-декабрда каза болгондугуна байланыштуу бул күнү дүкөндөргө барып соода кылууга дагы болбойт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Түндүк Кореянын бийлиги өлкөнүн мурдагы лидери Ким Чен Ирдын каза болгонуна 10 жыл толгонуна байланыштуу жарандарга күлүүгө, туулган күн тосууга жана ичимдик ичүүгө тыюу салды. Бул тууралуу The Daily Mail кабарлады.
Өкмөттүн маалыматына караганда, Корея Элдик Демократиялык Республикасы 11 күндүк аза күтүү күнүн жарыялады. Бул убакыт аралыгында жарандарга күлүүгө, туулган күн тосууга, ичимдик ичүүгө болбойт. Мындан тышкары, жарандар эл көп топтолгон жерлерге барганда жакшы маанайда экенин байкатпашы керек.
Ир 17-декабрда каза болгондугуна байланыштуу бул күнү дүкөндөргө барууга да тыюу салынган.
Түндүк Корея баллистикалык ракетасын сынап, Япония ага каршы чыкты