Үйдүн жанын мыйзамсыз тосуп албагыла! Мэрия бишкектиктерге кайрылды

Бишкек мэриясынан турак-жайлардын жанындагы жерлерди менчиктеп алууга каршы иштер токтобой тургандыгын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бишкектеги муниципалдык кызматтар борбор калаанын бир нече жериндеги темир тосмолорду алып, элден курулуш жана жерди колдонуу мыйзамдарын бузбоону суранды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 3

Бишкектеги муниципалдык кызматтар борбор калаанын бир нече жериндеги темир тосмолорду алып, элден курулуш жана жерди колдонуу мыйзамдарын бузбоону суранды

2 / 3

Жерди колдонуу жана курулуш башкармалыгы менен "Тазалык" мамлекеттик ишканасынын атайын бөлүмдөрүнүн адистери шаардыктар мыйзамсыз тосуп койгон жерлердеги тосмолорду алган

3 / 3

Алардын бир тобун шаардык кызматтар, бир катарларын үйдүн же имараттардын ээлери өзү чечкен

Жерди колдонуу жана курулуш башкармалыгы менен "Тазалык" мамлекеттик ишканасынын атайын бөлүмдөрүнүн адистери шаардыктар мыйзамсыз тосуп койгон жерлердеги тосмолорду алган.
Алардын бир тобун шаардык кызматтар, бир катарларын үйдүн же имараттардын ээлери өзү чечкен.
"Орозбеков көчөсүндөгү дарбаза, Тагай бий, Ак-Дөөлөт көчөлөрүндөгү аянты 246 чарчы метр жердеги темир тосмо, Чүй, Жибек жолу проспектилериндеги, Түгөлбай ата, Шевченко көчөсүндөгү үйлөрдүн жанындагы тосмолор алынды", — деп айтылган маалыматта.
Мэриядан бул багыттагы иштер дагы улана тургандыгын билдирди.
Мэрия конуштардагы жер участокторуна техникалык паспорт берет. Шарты