Ишембиге карата аба ырайы

18-декабрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. 18-декабрь, ишембиде, республика боюнча күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +12...+14, Таласта +9...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +11...+16 градус жылуу болсо Ысык-Көл өрөөнүндө -1...-6, Нарында 0...-5 градуска чейин суук болору болжолдонду.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +12...+14 градуска чейин көтөрүлөт.
Укмуш кооз! Ошто жаңы жылдык балатынын оту жандырылган видео