COVID статистикасы: 29 адамдан вирус табылып, эки кыргызстандык көз жумду

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 184 123кө жетти. Анын ичинен 179 205 адам дартты жеңген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Өткөн суткада 29 киши коронавирус жугузуп, 39 бейтап сакайып кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлады.
Жугузгандар:
Бишкек шаары – 16;
Ош шаары – 1;
Чүй облусу – 7;
Ош облусу — 1;
Нарын облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 3.
Айыгып чыккандар ооругандарга караганда көбүрөөк, акыркы 24 саат ичинде 39 киши сакайды.
Тилекке каршы, оорудан эки киши каза болду, алардын бири Бишкек шаарынын, экинчиси Талас облусунун тургундары экени айтылды. Ушуну менен вирустан көз жумгандардын саны өлкө боюнча 2 779 болду.
ДССУ: "омикрон" эки аптага жетпей дүйнөгө жайылып кетиши мүмкүн
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 184 123кө жетти. Анын ичинен 179 205 адам дартты жеңген.
Азыркы тапта өлкө боюнча 651 бейтаптын коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Алардын 303ү ооруканада болсо, 348 киши медициналык жардамды үйүнөн алууда.
Унутчаак болуп, айтчу сөзүн таппай калат. COVID-19дун мээге таасири