Бишкекте медиктерге арналган сүрөт дубалга тартылды

Дубалдын бир бөлүгүндө жылмайган Адинай Мырзабекованын элеси түшүрүлгөн. Экинчи тарабынан медицина кызматкерине гүл сунуп жаткан кичинекей кызды көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бишкекте Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын 7-жатаканасынын дубалына медиктерге арналган сүрөт тартылды.
Бишкекте Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын 7-жатаканасынын дубалына медиктерге арналган сүрөт тартылды
КММАнын буюртмасы менен бул эмгекти скульптор-сүрөтчү Марлен Бакачиев жаратты.
"Бир нече вариант бар эле. Окуу жайдын жетекчилиги азыркы сүрөткө токтолду. Аба ырайы жакшы болбогондуктан командабыздын иши үч аптага созулуп кетти. Сүрөттүн жалпы аянты 200 чарчы метр", — деди ал Sputnik агенттигине.
Дубалдын бир бөлүгүндө жылмайган Адинай Мырзабекованын элеси түшүрүлгөн. 21 жаштагы Адинай корнавирус күч алып турган учурунда Бишкектеги стационарлардын биринде ыктыярчы медайым болуп иштеген. Ал былтыр, 13-июлда көз жумган. Саламаттык сактоо министрлиги анын өлүмүнө эки тараптуу пневмония илдети себеп болгонун айткан. Кызга өлгөндөн кийин Эрдик медалы берилген.
Дубалдын экинчи бөлүгүндө медицина кызматкерине гүл сунуп жаткан кичинекей кыз көрсөтүлгөн.
Пандемияда көз жумган медицина кызматкерлерине арналган эстелик ачылды