Бишкекте эки маршрутканын каттаган жолдору өзгөртүлдү

Коомдук транспорттордун каттамдарын ачуу, жабуу жана өзгөртүү маселелерин кароо боюнча комиссия түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бишкекте эки маршруттун схемасы өзгөртүлдү. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.
Коомдук транспорттордун каттамдарын ачуу, жабуу жана өзгөртүү маселелерин кароо боюнча комиссия түзүлгөнү маалым болду. Анын курамына Кайгуул милициянын, Автоунаа, суу транспорту жана салмак-тыш көзөмөл агенттигинин, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жана Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорту ишканасынын жана акимиаттын өкүлдөрү кирген.
Комиссиянын алгачкы жыйынында эки чечим кабыл алынган. Ага ылайык, №135 маршруттун схемасы жарым-жартылай өзгөрүп, Шералиев — Эр-Тайлак — Садыбакасов — Камбар-Ата — Ак-Таң көчөлөрү менен каттай турган болду. Ал эми №121 маршруттун схемасы убактылуу өзгөртүлүп Чүй проспектинен Лермонтовго чейин, андан ары Фрунзе, Веселый көчөлөрү аркылуу өтөт.
Пресс-борбор
Укташ керек. Таксисттердин иштөө убактысына чек коюу пландалууда