Жума күнгө карата аба ырайы

17-декабрга республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн тоолуу райондорунда жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +7…+12, Таласта +5…+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +6…+11, Ысык-Көл өрөөнүндө +2…+7, Нарын чөлкөмүндө -2…-7 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо +7…+9, Ош калаасында +6…+8 градусту көрсөтөт.
Жаңы жылда катуу суук болобу? Январга карата аба ырайы