Мэрия №206 маршрутканы токтотуп, автобус киргизди. Компания Оргалчага таандык

Мэрия конкурс өткөрүлгөнгө чейин ыкчам тартипте "Шыдыр Жол Кей Джи" компаниясы менен келишим түзгөнүн маалымдады.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Бишкектин Мурас-Ордо конушуна каттаган №206 маршрут токтоп, анын ордуна автобустар киргизилди. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, буга аталган конуштун тургундарынын №206 каттамдын ишине даттанганы жана "Жазада-Транс" компаниясы тарабынан келишимдеги милдеттемелер аткарылбаганы негиз болгон. Мындан улам борбор калаанын Транспорт башкармалыгы фирма менен келишимди үзгөн.
"Маршрут токтотулганына байланыштуу конкурс өткөрүлгөнгө чейин ыкчам тартипте "Шыдыр Жол Кей Джи" компаниясы менен келишим түзүлдү. "Ош" базарынан Мурас-Ордо конушуна чейинки үч айлык убактылуу маршрут иштелип чыгып, №41 каттам менен автобустар жүрө турган болду", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле жалпысынан каттамга 10 автобус керектелсе, бүгүнкү күндө жетөө иштеп жатканы белгиленди.
Белгилей кетсек, "Шыдыр Жол Кей Джи" компаниясы "Альянс" партиясынан Жанар Акаевдин ордуна депутат болгон Токтобүбү Оргалчага таандык.
Жеткен коркоктук! Депутат болбой калган Жанар Акаев БШК боюнча үн катты