Акыркы төрт айда өлкөдө жарым миллион тонна көмүр казылды. Салыштыруу

Көмүрдүн көбүн Кара-Кече кени казууда. Көмүр Бишкек ЖЭБине, бюджеттик мекемелерге жана калкка берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы төрт ай ичинде жарым миллион тонна көмүр казды. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, 2021-жылдын сентябрынан декабрь айынын ортосуна чейинки аралыкта 508 миң тонна көмүр казылган. Ал эми 2020-жылдын акыркы 4 айында 345 миң тонна алынган.
2021-жылдын 1-январынан 15-декабрына чейинки аралыкта Кара-Кече көмүр кенинен 740 миң тонна көмүр казылып алынды. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 243 миң тоннага көп.
"Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин тапшырмасы менен төрт айдын ичинде жарым миллион тонна көмүр казылып, Бишкек ЖЭБине, бюджеттик мекемелерге жана калкка берилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, быйыл көмүрдүн көбүн "Кыргыз көмүр" ишканасынын "Кара-Кече" филиалы азып, калкты жылуулук менен камсыздоодо.
Статком көмүр 6 пайызга арзандаганын айтты
Бишкектеги дагы бир конуш газга туташтырылды. Сүрөт