Киберкоопсуздук бузулду! Кыргызстан Centerra компаниясын сотко берди

"Кумтөр голд компани" Centerra кызматкерлердин укуктары менен коопсуздугун одоно бузуп, Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлабастыгын көрсөткөнүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстан Кумтөр кениндеги киберкоопсуздук менен кызматкерлердин укуктары бузулгандыгына байланыштуу канадалык Centerra Gold Inc. компаниясын сотко бергенин тастыктады.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын май айында Centerra колдонуучулар менен администраторлорду "Кумтөрдүн" компьютерлерине кире албай тургандай кылып системаны блоктоп салган. Мындай көрүнүш өкмөт кенди убактылуу тышкы башкарууга өткөрөр алдында болгон. Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Centerra компаниясына карата кылмыш ишин козгогон.
"Centerra ишканасынын аракеттери биздин кызматкерлердин укуктары менен коопсуздугун одоно бузуп, Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлабастыгын көрсөттү", — деп айтылат маалыматта.
"Кумтөр голд компани" эки жыл аралыгында Кыргызстанга канча салык төлөгөнүн материалдан окуңуз.
Кумтөрдүн алтыны кайда сатылууда? Ишкана эки жылда канча салык төлөгөнү айтылды