Европа жана Орто Азиядагы мыкты ЖОЖдордун рейтинги аныкталды

Рейтингге аймактагы 450 университет кирсе, алардын 134ү россиялык окуу жайлар. Сап башында 2014-жылдан бери Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети келе жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Европа жана Орто Азиядагы өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү мыкты университеттердин 2022-жылга карата рейтинги жарыяланды. Бул тууралуу жогорку билим жана дүйнөдөгү мыкты ЖОЖдорду аныктоо жаатында иш алып барган QS Quacquarelli Symonds сайты жазды.
Рейтингге аймактагы 450 университет кирсе, алардын 134ү россиялык окуу жайлар.
Европа жана Орто Азиядагы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү 10 мыкты ЖОЖ
Сап башында 2014-жылдан бери Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети келе жатат. ЖОЖ академиялык көрсөткүчтөр жана жумуш берүүчүлөрдүн арасындагы кадыр-баркы боюнча эң жогорку баллга ээ.
Алдыңкы ондукка ошондой эле Санкт-Петербург мамлекеттик университети (3-орун), Новосибирск мамлекеттик университети (8-орун), Томск мамлекеттик университети (9-орун) жана "Москва физика-техникалык институту" улуттук изилдөө университети (10-орун) кирди.
Негизи эле рейтингдин 30 пайызы россиялык университеттерден турат. 16 ЖОЖ тизмеге алгачкы жолу илинсе, 14ү мурдагы көрсөткүчтөрүн жакшырткан. Ал эми 27 окуу жай мурдагы позицияларын сактап калды.
"Аймак боюнча эң мыкты делген 134 жогорку окуу жайдын ичинен көпчүлүгү россиялык университеттер болуп чыкты. Ошондой эле алар алдыңкы ондуктун жана жүздүктүн катарына кошулду", — деди QS аналитикалык борборунун директору Бен Саутер.
Анын айтымында, рейтингде жаңы кошулгандар көп болгонуна карабай россиялык окуу жайлар мурдагы позициясын сактап калышты. Алардын көпчүлүгүндө окутуучулар илимий иштерди мурдагыдан көбүрөөк жазып, бул өз кезегинде жогорку упай топтоого шарт түзгөн. Мындай көрүнүш өлкөдө илим тармагы өнүгүп бара жатканынан кабар берет.
Россиядагы студенттер шаары кыргызстандык абитуриенттерди чакырат