Көлдө курал менен май куйган жайды 1000 сомго карактап кеткендер кармалды. Видео, сүрөт

Үч киши шектелип жатат. Алар ок атуучу курал менен май куюучу жайдын терезесин талкалап, кассадагы акчаны талап кылышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдө ок атуучу курал менен май куюучу жайдан акча карактаган үч шектүүнүн экөө кармалып, үчүнчүсүнө издөө жарыяланды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
14-декабрга караган түнү (болжол менен саат 04.25 чамасы) Жети-Өгүз райондук милициясына Саруу айылынын тургуну белгисиз үч адам ок атуучу курал менен коркутуп, май куюучу жайдан акча каражатын карактап кеткендигин айтып кайрылган.
Шектүү катары Дархан айылынын 28 жаштагы Ш.Ж. жана 16 жаштагы Б.Б. аттуу тургундары кармалды
Билдирүү райондук милициянын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 207 ("Каракчылык") беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Тергөө-ыкчам тобунун милиция кызматкерлери окуя болгон жерде сурамжылоо иштерин жүргүзүп, азиат тектүү үч киши курал менен май куюучу жайдын терезесин талкалап, операторду коркутуп, акча талап кылышкан. Алар кассадагы 1 000 (бир миң) сомду алып, белгисиз тарапка качып кеткени аныкталган.
"Тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, милиция кызматкерлери изин суутпай кылмыштын бетин ачышкан. Шектүү катары Дархан айылынын 28 жаштагы Ш.Ж. жана 16 жаштагы Б.Б. аттуу тургундары кармалды. Ал эми үчүнчү шектүү, ушул эле айылдын 26 жаштагы А.А. аттуу тургунуна издөө жарыяланды", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.
Каракталган 114 миң доллар жоголду. Кара-Суудагы күйгөн унаанын чоо-жайы