БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмунун мыкты мушкерлеринин рейтингинде биринчи сапка чыкты. Бул тууралуу мушкерлер уюму жарыялаган жаңыланган тизмеде көрсөтүлөт.
Жаңы тизме Лас-Вегаста өткөн UFC 269 мелдешинин жыйынтыгы менен чыгарылган. Анда башкы беттештин биринде кыз-келиндер дивизионунун жеңил салмактагы (61 кг) чемпиону Аманда Нуньес венесуэлалык Жулианна Пеньяга утулуп калып, курунан кол жууду.
Мындан улам салмактык категориясына карабаган рейтингде кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко биринчи орунга көтөрүлдү.
Ал эми Нуньес үчүнчү сапка түшүп калды. Экинчи дивизиондогу эң жеңил (52 килограмм) салмактын чемпиону Роуз Намаюнас экинчиде турат.
Кыргызстандык спортчу жарым жеңил (57 килограмм) салмактагы рейтингде дагы тизме башына жайгашты.
Валентина Шевченко 2018-жылдын декабрында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону болгон. Мушкер кыз 2019-жылдын июнь айында Жессика Айды утуп биринчи ирет чемпиондук наамын коргогон. Андан кийин Лиз Кармуш, Кэтлин Чукагян, Женнифер Майя, Жессика Андраде жана Лорен Мерфини утуп, жалпысынан алты ирет чемпиондук наамын коргогон.
Валентина азыркы күндө мекени Кыргызстанга келип эс алууда. Буга чейин ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине эксклюзивдүү маек курган.