БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик ишканасы ИИМге өткөндөн кийин автоунааны каттоо, квалификациялык экзамен алуу жана айдоочулук күбөлүк берүү боюнча учурдагы система сакталып калат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "ИИМ айдоочулук күбөлүктү, такси айдоого лицензияны кандай жол менен берет жана автоунааны кантип каттайт" деген аталыштагы брифингге катышты.
Учурда "Унаа" мамлекеттик ишканасы каттоо, квалификациялык экзамен алуу жана айдоочулук күбөлүк берүү менен алектенип келет. Ишкана ИИМдин карамагына өтөрү боюнча чечим кабыл алынган. Учурдагы система сакталып турат. Автоунааны каттоо функциясын жарандык уюмдарга (Мамкаттоо, Юстиция министрлиги, Санарип министрлиги) өткөрүп берүү башка маселе. Мында көптөгөн маселелер жөнгө салынган. Дээрлик бардык кылмыштар автоунаа менен жасалат. Мындай кылмыштарды алдын алуу жана бетин ачуу боюнча органдар ортосундагы кызматташуу анча эффективдүү болгон жок. Эми көзөмөл күчөтүлөт. Мурда кылмышка тиешеси бар автоунаа ИИМден өтпөйт", — деди Саркулов.
Ал ошондой эле функциялардын ИИМге өтүшү менен чет өлкөдөн келген оң рулдуу автоунааларды сол рулдуу деп каттатып койгон учурлар болбой турганын кошумчалады. Анын айтымында, бул жаатта көзөмөл күчөтүлөт.
"Каттоо-экзамендик мекемелер беш күндүк система менен иштейт. Эгер кылмыш дем алыш күндөрү жасалса же дагы башка чукул кырдаал болсо ИИМ ыкчам реакция жасай алат. Бул дагы иштин жакшы жагы", — деди ал.
Саркулов белгилегендей, "Унаа" ишканасы көчпөйт, ордунда калат. Каржылоо жана башкаруу системасы дагы мурдагыдай эле болот.
Эске салсак, декабрь айында президент Садыр Жапаров "Кыргызстанда жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Документке ылайык, ИИМ автоунааларды каттап, автомектептер менен таксилерге лицензия берет.