Бишкекте мыйзамсыз жер саткан деп прокурор кармалды

Жер сатууга шектелип үч мекеменин кызматкерлери кармалганы айтылды. Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Башкы прокуратуранын кызматкери "Бишкек машина куруу заводуна" тиешелүү жерди 700 миң долларга жакын акчага сатып жиберген деп кармалды. Бул тууралуу күч органдарындагы ишенимдүү маалымат булактар билдирди.
Ага караганда, бул ишке заводдун жана Мамлекеттик каттоо кызматынын адистеринин да катыштыгы болгон. Бардык шектүүлөр 14-декабрда УКМК тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген. Бүгүн алардын баш коргоо чарасы каралары күтүлүүдө.
УКМК аткаминерлер аралашкан чуулуу иш боюнча дагы бир шектүүнү кармады