БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Тони Фергюсонго беттешке чыгып калышы мүмкүн. Россиялык жеңилбес чемпиондун менеджери Али Абдель-Азиз бул боюнча америкалык спортчуга Twitter аркылуу чакырык таштаганын Eurosport маалымат булагы жазды.
"Бүркүт (Хабибдин каймана аты) менен грэпплинг күрөшү боюнча кармашка чыгасыңбы? Мен тамашалаган жокмун", — деп жазган менеджер.
UFC уюму бул эки мушкерди октагондо таймаштыруу үчүн беш ирет беттеш белгилеген. Бирок ар кандай себептерден улам бир да жолу ишке ашкан эмес. 2020-жылдын августунда россиялык мушкер Жастин Гэтжи менен беттешке даярданып жүргөндө Фергюсон менен күч сынашууга кызыкдар экенин айткан.
Россиялык мушкер 2020-жылдын октябрь айында Гэтжини уткандан соң карьерасын жыйынтыктаганын жар салган.
Нурмагомедов жалпысынан аталган мушкерлер уюмунда 13 беттеш өткөргөн. 2018-жылы америкалык Эл Яквинтаны утуп, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук курун тагынган. Кийин ирландиялык Конор Макгрегор, америкалык Дастин Порье жана Жастин Гэтжи менен беттешип, наамын ийгиликтүү коргогон.