БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Финансы министрлиги Кумтөр алтынынын сатылышы боюнча ким жоопкер экенин жана ишкана өткөн жылы канча салык төлөгөнү тууралуу маалымат берди.
Эске салсак, депутат Осмон Турдумамбетов 13-декабрь күнү парламент комитетинин бюджет жана каржы боюнча жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаевден Кумтөр кенинин алтыны кайда кетип жатканын сурап, министр мындай маалыматы жок экенин билдирген.
Бүгүн Финансы министрлиги бул маселе боюнча түшүндүрмө берди.
"Кумтөр кени өз продукциясын Доре эритмеси түрүндө чыгарат. Курамында алтындан тышкары күмүш жана башка аралашмалар бар. Аны аффинаждык заводдо кайра иштетүү жана андан ары сатыш үчүн "Кыргыз алтын" ишканасы алат. Андыктан суроо дал ушул мекемеге берилиши керек", — деди министрликтен.
Маалыматка караганда, "Кыргыз алтын" баалуу металлдын сатылышы боюнча маалыматты ай сайын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна берип турушу керек.
Ведомстводон түшүндүргөндөй, министрликтин милдети — консолидацияланган бюджеттин киреше-чыгашалары боюнча божомол берүү, мониторинг жүргүзүү жана бюджеттин факт жүзүндөгү кирешесин анализдөө.
"Мындан улам "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын бюджетке төккөн салыгы тууралуу маалымат бере алабыз. 2020-жылы 9 миллиард 618,7 миллион сом, 2021-жылдын 11 айында 6 миллиард 998,8 миллион сом төктү", — деп айтылат билдирүүдө.
Баса, сентябрь айында Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы "Кыргыз алтын" ишканасын ишенимдүү компаниялардын тизмесинен чыгарып салган. Кумтөрдүн алтыны кайда, канча көлөмдө сатылып жатканы тууралуу акыркы айларда расмий маалымат жарыялана элек.