Чүйдө подстанцияны жабдуудан 2,5 млн. сом кымырган деп энергетик кармалды

УКМК билдиргендей, талапка жооп бербеген жабдуулар подстанциялардын баарын жарактан чыгарышы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын кызматкери ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып 2,5 миллион сом кымырып алган деп кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Маалыматка ылайык, "Түндүк" подстанциясын модернизациялоодо тендердик шарттарга жана ишкананын бюджетине дал келбеген жабдууларды жасалма түрдө сатып алып жана орнотуу иштеринде 2,5 миллион сомдук зыян келтирилген.
"2017-жылы тендердин жыйынтыгында "N.E.C." өндүрүүчүсүнүн релелик коргоочусу жана автоматикасы орнотулушу керек болгон. Бирок Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын кабыл алуу комиссиясы башка компаниянын талапка жооп бербеген жабдууларын кабыл алган. Бул калкты электр энергия менен камсыздоону үзгүлтүккө учуратып, техникалык жабдуунун тез бузулушун, ошондой эле подстанциялардын баарын жарактан чыгышына алып келиши мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшүндө ишкананын жооптуу кызматкерлери жең ичинен сүйлөшүп, техникалык негиздемеси жок болгонуна карабастан жабдууларды орнотууга уруксат бергени белгилүү болгон.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кабыл алуу комиссиясынын төрагасы Н.М.А. менен "Т-Р" ишканасынын аткаруучу директору И.К.С. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.
Бишкекте мыйзамсыз жер саткан деп прокурор кармалды