Аскар Акаев УКМКга сурак берип чыкты

Мурунку президенттин жакындары ал Кумтөр кенинин айланасындагы кылмыш иши боюнча УКМКга эки күн сурак берип, кайра кетерин айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Тунгуч президент Аскар Акаев УКМКга сурак берди. Бул тууралуу анын жактоочусу Айбек Самарбеков билдирди.
Анткен менен ал Акаев сыр сактоо боюнча документке кол койгондуктан, эмне тууралуу сөз болгонун айткан жок.
Акаев кечээ, 14-декабрь күнү, таңга маал Москва — Бишкек каттамы боюнча учуп келгени маалым болгон. Экс-президенттин жакындары ал Кумтөр кенинин айланасындагы кылмыш иши боюнча УКМКга эки күн сурак берип, кайра кетерин айтышкан.
Эске сала кетсек, ушул жылдын август айында Аскар Акаев 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, УКМКга Кумтөр боюнча сурак берген. Андан кийин элге кайрылуу жасап, "Кумтөр" долбоору боюнча өкмөткө ишенип чечим кабыл ала бергенин айтып кыргызстандыктардан кечирим сураган.
Кумтөрдүн алтыны кайда сатылууда? Ишкана эки жылда канча салык төлөгөнү айтылды